Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:44

Мэрия Бишкекте каналдагы суу ташкыны токтотулганын билдирди


Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.
Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.

Бишкек шаардык мэриясы борбор калаадагы Ала-Арча каналындагы суу ташкыны токтотулуп, тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди. Мекеме 15-декабрда “Азаттыкка” билдиргендей, аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам Ала-Арча каналындагы суу дароо көбөйүп, тосмодон ташып кеткен.

Ага мэриянын муниципалдык ишканаларынан атайын техникалар жана 30 кызматкер тартылган.

“Учурда кызматкерлер суу каптаган көчөлөрдү жана имараттардын арасында тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат”, - деп айтылат маалыматта.

Мунун алдында Бишкектин Ахунбаев – Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде каналдан суу ашып, жолду, көчөлөрдү каптаганы белгилүү болгон. Окуянын күбөлөрү “Азаттыкка” жөнөткөн видеодо каналдан ашкан суу жолго агып чыгып, көчөлөрдү каптап калганын көрүүгө болот.

Соңку эки-үч күндөн бери Кыргызстандын аймагында катуу кар жаап, күн кескин сууктады. Кыргызгидромет борбору суук аба ырайы жайыттарда мал багууну, автоунаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатарын эскерткен. 14-декабрдан тарта абанын температурасы акырындан жогорулап баратканы байкалууда.

XS
SM
MD
LG