Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:25

УКМК “Ала-Арча” соода борборунун 2 миң чарчы метр аянты мамлекетке алынганын билдирди


“Ала-Арча” соода борбору мурдагы биринчи-премьер-министр Аскарбек Шадиевге таандык экени мурдатан белгилүү.
“Ала-Арча” соода борбору мурдагы биринчи-премьер-министр Аскарбек Шадиевге таандык экени мурдатан белгилүү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) муниципалдык участоктордун ижарачылары жерди пайдалануу шарттарын аткарбагандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, “Ала-Арча” соода жана оюн-зоок борборунун 2000 чарчы метри аянты мамлекетке алынганын билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 15-декабрда билдирди.

Маалыматта айтылгандай, тергөө иштеринин жүрүшүндө 2007-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен “Э.И.Г.” компаниясына Тынчтык проспектисинде коомдук жана соода борбору бар көп кабаттуу турак жай комплексин долбоорлоо жана куруу үчүн 2,16 га жер тилкеси 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилгени аныкталган. Бул жер тилкелерин берүү шарттарына ылайык, ижара берүүчү курулган турак жайдын 10%ын муниципалдык менчик үчүн Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүүгө милдеттендирилген.

“Э.И.Г.” компаниясы пайда табуу үчүн, көп кабаттуу үй куруу милдеттенмелерин аткарбай, 2017-жылы 1,074 га жер тилкесин “Т.И.” жоопкерчилиги чектелген коомуна сатып жиберген. Ал өз кезегинде аталган тилкеге “Ала-Арча” соода борборун куруп салган.

Козголгон кылмыш иштин алкагында комплекстүү чаралар көрүлүп, “Т.И.” компаниясы “Ала-Арча” соода борборундагы (3-кабат) аянты 2000 чарчы метр, наркы 344 миллион сомдук жайды Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин балансына өткөрүп берди.

Аталган 2000 чарчы метр аянтта балдар аттракциону бар. Анын ижара акысы эми шаардык бюджетке түшөт.

“Ала-Арча” соода борбору Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге таандык экени мурдатан белгилүү. Ал өзү 2017-жылдын соңунда биринчи-вице-премьер-министр кызматына дайындалып, иштен кеткен соң 2018-жылы ага жалпысынан үч кылмыш иши козголгон. Шадиев ошол эле 2018-жылы Баткен аркылуу Тажикстанга, андан ары АКШга чыгып кеткени кабарланган.

2018-жылдын 25-декабрында Шадиевди сыртынан 10 жылга кесүү жана мүлкүн мамлекетке конфискациялоо боюнча Биринчи Май райондук сотунун өкүмү чыккан. Анда анын ондогон компаниялардагы үлүштөрү жана кыймылдуу-кыймылсыз мүлкүнүн катарында Шадиев менен анын жубайына таандык делген “Ала-Арча” соода борборунун 100% үлүшү (“Трейд Инвест” ЖЧКсы) жана “Карвен Групп” ЖЧКсындагы 50% үлүшү да конфискациялангандыгы жазылган болчу. Мамлекетке өткөрүлө турган мүлктүн жалпы наркы 1,8 млрд сом деп бааланган.

2020-жылдын 10-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аскарбек Шадиевди “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Мыйзамсыз баюу” беренелери менен күнөөлүү деп таап, сыртынан 13 жылга кесип, мүлкүн конфискация кылган. Ошол маалда “Ала-Арча” соода борбору менен “Карвен Групп” компаниясы мамлекетке өткөрүлүүчү мүлктүн тизмесинде жок болуп чыккан. Сот жараяндарынын жүрүшүндө алар тизмеден чыгып калганы маалым болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG