Ирандагы чабуулдан 11 полиция кызматкери набыт болду

Ирандын түштүк-чыгышындагы Систан-Белужистан провинциясынын кире бериши.

Ирандын түштүк-чыгышындагы Систан-Белужистан провинциясындагы Раск шаарынын полиция бекетине жасалган куралдуу чабуулдан 11 офицер набыт болду.

Бул тууралуу губернатордун орун басары Алиреза Мархамати билдирип, кол салууну “теракт” деп атады. 15-декабрдын таңында Пакистан жана Ооганстан менен чектешке аймакта болгон окуяда бир нече полициячы жараат алды.

Көп өтпөй IRNA мамлекеттик маалымат агенттиги чабуул үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна сунниттердин “Жаиш аль-Адль” (Адилеттүүлүк армиясы) тобу алганын жазды.

Аталган кыймыл буга чейин дагы Ислам революциясынын сакчылар корпусу менен кагылышып келген. 2012-жылы түзүлгөн бул уюм Иранда террордук топтордун катарына киргизилген.

23-июлда ушул эле аймакта болгон кол салуудан төрт полиция кызматкеринин өмүрү кыйылган.

Дагы караңыз

ЦАХАЛ Жениндеги аскердик операциясы жыйынтыкталганын билдирдиБишкекте Ала-Арча каналынан суу ташып, көчөлөрдү каптадыНавальный менен байланыш он күндөн бери жок