Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:49

Навальный менен байланыш он күндөн бери жок


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиядагы оппозициячыл активист Алексей Навальныйды өзгөчө катаал режимдеги түрмөгө которулуп жатканын Жаза аткаруу кызматы 12-декабрда Владимирде өткөн сот жараянында билдирген. Бул тууралуу SOTAvision телеграм-каналы 15-декабрда жазды.

Маалыматка караганда “2023-жылдын 4-августунда Москва шаардык соту чыгарган өкүмдүн күчүнө киргенине байланыштуу, ал соңку кездери жазасын өтөп жаткан 6-түрмөдөн Владимир облусунан сырткары жайгашкан мекемеге которулду”.

Жыйынтыгында соттун кийинки отурумун “Навальныйдын кайда экени аныкталгыча” 18-декабрга жылдырылды.

Август айында сот Навальныйды "экстремисттик уюмду түзүүгө жана каржылоого" айыптап 19 жылга эркинен ажыраткан. Орусияда өзгөчө катаал режимдеги 30 түрмө бар. Мыйзамга ылйык, ал жакта негизинен өмүр бою эркинен ажыратылгандар же өзгөчө кооптуу рецидивисттер жазасын өтөшөт.

Навальныйдын маалымат катчысы Кира Ярмыштын жазышынча, саясатчыны түрмөдөн 11-декабрда алып чыгып кетишкен. Бирок жакындары менен адвокатына 6-декабрдан баштап эле байланышууга уруксат беришкен эмес.

Буга чейин Ив-роше иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан саясатчы өзүнө тагылып жаткан айыптарды четке кагып келет.

Анын тарапташтары социалдык тармактарда #ГдеНавальный деген хештег менен акция баштады. АКШ менен Евробиримдик саясатчынын тагдырына тынчсыздануусун билдиришти. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков президенттин администрациясынын түрмөдөгүлөрдүн, анын ичинде Навальныйдын тагдырына көз салып отурууга убактысы жок экенин билдирди.

Навальный 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып келатканда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары аны саясий туткун катары тааныган.

XS
SM
MD
LG