Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

Бишкекте Ала-Арча каналынан суу ташып, көчөлөрдү каптады


Мэрия тараткан сүрөт.
Мэрия тараткан сүрөт.

15-декабрда түштөн кийин Бишкек шаарынын Ахунбаев-Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Ала-Арча каналынан суу ташып, жолду каптады.

Бул тууралуу маалыматты “Азаттыкка” шаар мэриясынын басма сөз кызматы ырастап, учурда ал жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир, суу чарба башкармалыгынын эки техникасы иштеп жатканын билдирди.

Шаар мэри Айбек Жунушалиев да жеринен көзөмөлдөп жатканы, "Тазалык" ишканасынын техникалары да тартылганы белгилүү болду.

Мэриянын маалыматына караганда Ала-Арча суусунун жогору жагында кар көчкү түшүп, суунун көлөмү көбөйгөн. Ошол себептүү каналга суу батпай, ташып кеткен.

Мунун алдында “Азаттыкка” окуянын күбөлөрү жеринен видео жөнөткөн. Анда каналдан ашкан суу жолго агып чыгып, көчөлөрдү каптап калганын көрүүгө болот.

Соңку эки-үч күндөн бери Кыргызстандын аймагында катуу кар жаап, күн кескин сууктады. Кыргызгидромет борбору суук аба ырайы жайыттарда мал багууну, автоунаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG