Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:38

ЦАХАЛ Жениндеги аскердик операциясы жыйынтыкталганын билдирди


Жениндеги жөөт аскерлери. 13-декабрь, 2023-жыл.
Жениндеги жөөт аскерлери. 13-декабрь, 2023-жыл.

Израилдин армиясы Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги Женин шаарындагы жана анын жанындагы качкындар лагериндеги аскердик операциясын жыйынтыктаганын билдирди.

60 саатка созулган операциянын жыйынтыгында ЦАХАЛ жүздөгөн имараттарда тинтүү жүргүзүп, курал-жабдык жана жардыруучу заттар конфискацияланып, 60тан ашуун шектүү кармалганы маалым болду. Андан тышкары жөөт армиясынын билдирүүсүнө караганда, жер алдындагы 10дой шахта, жардыруучу заттарды жасаган лабораториялар аныкталган.

Ал арада Израил армиясы Газа тилкесин, анын ичинде түштүктөгү Хан-Юнис жана Рафах шаарларын бомбалоону улантууда. ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму көзөмөлдөгөн аймактын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, 15-декабрдын таңында Хан-Юнистеги карапайым тургундар жашаган үйгө жасалган соккудан төрт киши, анын ичинде эки бала набыт болгон. Бир нече адам жараат алган.

Мекеме набыт болгондордун жалпы саны 18 миңден ашканын билдирип келет. Бул санды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес. БУУ жана бир катар эл аралык уюмдар анклавда гуманитардык кризис курч экенин эскертип жатышат.

Израил анклавдын түндүгүндө аскердик операциясын баштаганда, миңдеген адамдар Хан-Юниске качышкан. Кийин ал жакты бомбалоо башталганда, Рафахты көздөй агылышты. Израилдин эсебинде, анклавдын түштүгүндө ХАМАСтын лидерлери жашырынып жатышат.

XS
SM
MD
LG