Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов Казакстандын аймагында кар күрткүдөн улам автоунаалары менен жол жүрө албай калган кыргызстандыктардын саны 200дөй экенин айтты. Ал “Азаттыкка” кыскача комментарий берип, жүргүнчүлөрдү куткаруу иштерине Казакстандын бийлиги, карапайым адамдар да жардам берип жатканын билдирди.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Казакстандын Алматы-Ташкент автожолундагы кар күрткүсүнөн улам жол тыгынында калган кыргызстандыктарга куткаруучуларды жөнөтүп, алар да иштеп жатат.
Министрликтин маалыматында, Алга айылы менен Кордой айылынын ортосунда 100-150дөй машина жүргүнчүлөрү менен Кыргызстанга өтө албай калган. Ал аймакка Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаментинен 99 куткаруучу жана 37 оор техника тартылган.
Казакстандын бир катар аймактарында, анын ичинде Жамбыл облусунда соңку үч-төрт күндөн бери күн кескин сууктап, айылдарда, жолдордо жана темир жолдордо чоң көйгөйлөрдү жаратты. Бороон-чапкындан улам жолдорго кар күрткүсү толуп, ондогон адамдар тыгында калып калышкан. Жамбыл облусунун акимчилиги соңку эки күн ичинде жолдо тыгында калган 5 миңден ашык адам куткарылганын билдирүүдө. Каза болгондор катталган жок.
Жол көрүнбөй жаткандыгына байланыштуу эл аралык Бишкек-Алматы автожолунда кыймыл убактылуу токтотулган.
Казакстандын бийлиги катуу сууктан жана бороондон улам Жамбыл облусунда өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Аба ырайы кескин начарлагандыктан 12-декабрдан бери этап-этап менен жолдор жабылып жатат. “Казгидромет” жакынкы күндөрү аймакта ушундай эле туруксуз аба ырайы уланарын эскертүүдө. (BTo)
Дагы караңыз
Венгрия Евробиримдиктин Украинага жардам бөлүшүнө вето койдуЭлдик курултайда делегат бийликте кадр туруксуздугу болуп жатканын көтөрдүАдилет Балтабай милиция кызматкерлери кармап кеткенин билдирдиЕБ Украинанын шаркетке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштайтБайсалов RFI радиосуна Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамды комментарийледиКыргызстандык куткаруучулар Казакстанда кар күрткүгө кабылган 16 жаранды Бишкекке жөнөттү