Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:59

Элдик курултайда делегат бийликте кадр туруксуздугу болуп жатканын көтөрдү


Министрлер кабинетинин мүчөлөрү.
Министрлер кабинетинин мүчөлөрү.

15-декабрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда делегат, саясат таануучу Табылды Акеров Кыргызстандагы кадр саясатын сындады. Ал кадр саясатында туруктуулук болбой жатканын айтты.

“Конституцияда премьер-министрдин кызматы унутта калган. Акылбек Жапаров баарын аткарып жатканы менен колу көп нерсеге жетпей жатат деп ойлойм. Кадр саясатында көп чабалдыктар кетип жатат. Мамлекет өзүнүн милдетин так аткара албай жатат. Мисалы, билим берүү жана илим министри 7-8 жолу алмашты. Акимдер катар-катары менен үч айга жетпей жумушунан алынып жатат. Бул чабалдыкты көрсөтөт”, - деди Акеров.

14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрликтердин саны дагы эле көп экенин айтып, бирок бийликтин мекемелерди кыскартуу планы жок экенин билдирген.

Министрлер кабинетинин төрагасынын төрт орун басары бар. Андан тышкары 16 министрлик, беш агенттик бар. 2021-жылдын 5-майында президенттик башкарууга багытталган Конституция күчүнө киргенден кийин өкмөт Министрлер кабинети деп өзгөртүлгөн.

Кыргызстанда министрликтер өтө эле көп экени, артыкбаш агенттик, ишканалар майнапсыз иштеп жатканы тууралуу сын-пикирлер айтылып келет.

15-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан экинчи Элдик курултайга Кыргызстандын аймактарынан, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан шайланган 700 делегаттын 695и катышып жатат.

XS
SM
MD
LG