Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:52

ЕБ Украинанын шаркетке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштайт


Украинанын президенти Владимир Зеленский Брюсселде.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Брюсселде.

Евробиримдик Украинанын жана Молдованын шаркетке кошуулуусу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштайт. Мындай чечим Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин 14-декабрда өткөн жыйынында кабыл алынганын Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель жарыялады.

Эки күндүк саммиттин биринчи күнүндө ошондой эле Грузияга шаркетке кирүүгө талапкер мамлекет макамы берилди. Украинанын президенти Владимир Зеленский европалык лидерлерге ыраазычылыгын билдирип, алардын чечимин “дем-күч берген Украинанын жана бүтүндөй Евробиримдиктин жеңиши” деп атады.

Шаркетке мүчө мамлекеттердин арасынан Украина менен сүйлөшүүлөрдү баштоого бир гана Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан каршы чыкты. Маалыматка караганда, ага добуш берүү жүрүп жатканда сыртка чыгып турган.

Киев шаркетке кошулуу тууралуу арызын 2022-жылдын 28-февралында берген. Украинанын Евробиримдикке кошулуу жараяны узак жылдарга созулушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG