Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:58

Кыргызстандык куткаруучулар Казакстанда кар күрткүгө кабылган 16 жаранды Бишкекке жөнөттү


Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Казакстандын аймагында. 15-декабрь, 2023-жыл.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Казакстандын аймагында. 15-декабрь, 2023-жыл.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары 15-декабрь саат 12:20га карата берген маалыматка ылайык, Казакстандын аймагында кар күрткүгө кабылып, жол жүрө албай калган 16 кыргыз жараны Отар айылынан Кордайды көздөй жөнөтүлдү. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, алар андан ары Бишкекке өтүп кетишет.

Окуя болгон жерде подполковник Ырысбек Жолдошбаев жетектеген кыргыз куткаруучулары кечиктирилгис куткаруу иш-чараларын улантышууда.

Кыргызстан тарап Аламүдүн районундагы Ак-Жол өткөрмө постунда жайгашкан "Бишкек-Алмата" кафесинде 150, Свердлов районундагы Эне-Сай жаңы конушундагы №21 орто мектебинде 150 жана Октябрь районундагы мамлекеттик администрациясынын имаратынын ашканасында жана “Таберик” студиянын жыйналыш залында 40 адамга ылайыкташкан жылынуучу жайлар уюштурушту.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Казакстандын Алматы-Ташкент автожолундагы кар күрткүсүнөн улам жол тыгынында калган кыргызстандыктарга куткаруучуларды жөнөттү.

Министрликтин маалыматына ылайык, Алга айылы менен Кордой айылынын ортосунда 100-150дөй машина жүргүнчүлөрү менен Кыргызстанга өтө албай калган. Ал аймакка Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаментинен 99 куткаруучу жана 37 оор техника тартылган.

Казакстандын бир катар аймактарында, анын ичинде Жамбыл облусунда соңку үч-төрт күндөн бери күн кескин сууктап, айылдарда, жолдордо жана темир жолдордо чоң көйгөйлөрдү жаратты. Бороон-чапкындан улам жолдорго кар күрткүсү толуп, ондогон адамдар тыгында калып калышкан. Жамбыл облусунун акимчилиги соңку эки күндүн ичинде жолдо тыгында калган 5 миңден ашык адам куткарылганын билдирүүдө. Каза болгондор катталган жок.

Казакстандын бийлиги катуу сууктан жана бороондон улам Жамбыл облусунда өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Аба ырайы кескин начарлагандыктан 12-декабрдан бери этап-этап менен жолдор жабылып жатат. “Казгидромет” жакынкы күндөрү аймакта ушундай эле туруксуз аба ырайы уланарын эскертүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG