Адилет Балтабай милиция кызматкерлери кармап кеткенин билдирди

Адилет Балтабай.

Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек 15-декабрда аны Сокулук райондук милициясынын кызматкерлери кармап кеткенин айтты.

Ал “Сокулук районунун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлерибиз” деген адамдар автоунаага салып Сокулукка алып баратканын билдирди. Милиция бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.

11-декабрда Чүй облусунун Сокулук райондук сотунда активисттин иши боюнча сот жараяны болмок. Бирок адвокаты ооруп калганына байланыштуу соттук отурум 22-декабрга жылдырылган.

Сокулук райондук сотуна Пробация кызматы кайрылып, Адилет Балтабайга байланыштуу чечимди жокко чыгарууну суранган жана мындай өтүнүчүн ал пробация эрежелерин бузганы менен негиздеген.

10-октябрда активист Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде (УКМК) бир нече саат суракта болгонун, Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кылмыштуу тобу менен байланышы бар же жогу тууралуу суроолорду беришкенин айтып берген. УКМК бул боюнча маалымат бере элек.

Бийликти сындаган акцияларды түз эфирде чагылдырып жүргөн блогер 13-январда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарды бошотуу талабы коюлган митингге катышкандан кийин кармалып, №27 абакка камакка алынган. Апрель айында эркиндикке чыккан.

Ага чейин былтыр жарым жылдай камакта отуруп, 11-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Жапырт башаламандык” беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылган. Пробациялык көзөмөл өкүмү менен сот залынан бошотулган. (BTo)

Дагы караңыз

Байсалов RFI радиосуна Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамды комментарийледиКыргызстандык куткаруучулар Казакстанда кар күрткүгө кабылган 16 жаранды Бишкекке жөнөттүСадыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу 2024-жылы башталарын билдирди15-декабрда тоолуу райондордо кар жаайтЭлдик курултайда тууну өзгөртүү демилгеси тууралуу маселе көтөрүлдүКыргызстанда келерки жылы 212 мектеп, 50 бала бакча ачылат