Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:33

15-декабрда тоолуу райондордо кар жаайт


Ош шаарынан тартылган сүрөт. 13-декабрь, 2023-жыл.
Ош шаарынан тартылган сүрөт. 13-декабрь, 2023-жыл.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 15-декабрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6;

Талас жергесинде түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…-8;

Бийик тоолордо түнкүсүн -29…-34, күндүз -13…-18 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -13…-15°, күндүз -1…-3° болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

XS
SM
MD
LG