Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:16

Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу 2024-жылы башталарын билдирди


Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолунун курулушу. Иллюстрациялык сүрөт.
Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолунун курулушу. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу келерки жылы башталарын 15-декабрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда билдирди. Долбоордук техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып бүткөнүн, бул жолдун салынышы өлкөнүн бардык экономикалык тармактарына таасир этерин белгиледи.

“Кудай буюрса, жакында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу башталат. Темир жолдор аркылуу Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Афганстанга транзит менен жүк ташыган контейнерлерди ташуунун пилоттук долбоору улантылат. Ошондой эле “Иран – Түркмөнстан – Өзбекстан – Кыргызстан” пилоттук контейнердик поездин ишке киргизүү маселеси каралууда”, - деди Жапаров.

23-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров долбоордун курулушунун каржы маселеси чечилип жатканын Жогорку Кеңештин жыйынында айткан. Ал Кытай Казарманга чейинки бөлүктү өз алдынча куруп жатканын, Кыргызстан Казармандан Жалал-Абадга чейинки жол үчүн азыр Өзбекстан менен бирге акчанын булактарын аныктап жатканын билдирген.

Өзбекстандын Самарканд шаарында былтыр сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Ага ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында "Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад" багыты аркылуу өтүүгө тийиш. Бул жолдун жалпы узундугу 280 чакырымды түзөт.

XS
SM
MD
LG