Бишкекте текшерүүдөн кийин эки мечит, бир чиркөө жабылды

Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.

Бишкектин Биринчи Май районундагы диний мекемелерди рейддик текшерүүдөн кийин эки мечит жана бир чиркөө жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы 15-декабрда билдирди.

Текшерүүнү шаардык ички иштер башкармалыгы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгы жана бир катар мамлекеттик мекемелер, казыяттын өкүлдөрү жүргүзгөн.

Мындай рейддерде диний мекемелердин документтери жана жалпы санитардык абал текшерилет.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгы сегиз көрсөтмө жана жети протокол түзгөн. Ал эми райондук милиция төрт обьектиге айып салган.

Буга чейин Улуттук коопсуздук комитети Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында, Ош шаарында ондогон мечит-медресенин ишмердигинде кемчиликтер аныкталып, убактылуу жабылганын кабарлаган. Айрымдарында өрт өчүрүү жабдуулары жок экени, коопсуздук эрежелери сакталбаганы айтылган.

Жабылган мечиттер маселеси парламентте бир канча жолу көтөрүлгөн.

Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар.

Дагы караңыз

Ишкердик жөнүндө бестселлер кыргыз тилинде жарык көрдүПрезидент Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп эсептейтКыргызстан кызамык жайылган өлкөлөрдүн катарына кирди Казакстандын Жамбыл облусунда бороондон улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди