Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Казакстандын Жамбыл облусунда бороондон улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди


Казакстан. Куткаруучулар тыгылып калган автоунааларды чыгарып жатат.
Казакстан. Куткаруучулар тыгылып калган автоунааларды чыгарып жатат.

Казакстандын бийлиги Жамбыл облусунда катуу сууктан жана бороондон улам өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Аба ырайы кескин начарлагандыктан 12-декабрдан бери этап-этап менен жолдор жабылып жатат.

Төртүнчү күндүн кечинде саат 23:00гө карата 1 200дөн ашык адам эвакуацияланды. Куткарылган адамдар Кордай районундагы жылуулук түйүндөрүнө жайгаштырылган. 14-декабрдын кечинде жолдорду кар басып, автоунаалар дале тыгында турганы маалымдалды.

15-декабрдын таңына карата бийлик 2413 адамды, анын ичинде 90 баланы куткарганын маалымдады. 600дөй адам үйүнө кайтып, 1813 адам жылуулук түйүндөрүнө жеткирилген. Үч адам Кордай райондук ооруканасына жаткырылды, алардын абалы туруктуу деп бааланган.

Облустук акимчилик кабарлагандай, соңку эки күндүн ичинде кардан улам жолдо тыгында калган 5 миңден ашык адам куткарылган. Каза болгондор катталган жок.

“Азаттыктын” казак кызматы жергиликтүү медиаларга таянып жазгандай, облустун Чу районунда катуу шамалдан улам электр линиялары үзгүлтүккө учураган. Облустун төрт районунда миңдеген тургундар электр жарыгысыз калган. Чу – Отар багытында жүргүнчүлөрдү ташуучу 11 поезд туруп калганы кабарланган, андагы адамдар да чыгарылып кеткен.

Жамбыл облусунун акимчилиги чукул байланыш линиясын иштетип, жашоочуларды дүрбөлөңгө алдырбоого жана жалаң расмий маалыматтарга ишенүүгө чакырып жатат. “Казгидромет” жакынкы күндөрү ушундай эле туруксуз аба ырайы уланарын эскертип жатат.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Казакстандын Алматы-Ташкент автожолундагы кар күрткүсүнөн улам жол тыгынында калган кыргызстандыктарга куткаруучуларды жөнөттү.

Министрликтин маалыматына ылайык, Алга айылы менен Кордой айылынын ортосунда 100-150дөй машина жүргүнчүлөрү менен Кыргызстанга өтө албай калган. Ал аймакка Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаментинен 99 куткаруучу жана 37 оор техника тартылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG