Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Кыргызстан кызамык жайылган өлкөлөрдүн катарына кирди


Калифорнияда кызамык оорусу тууралуу эскертүүнү көрүнөө жерге илип жатышат. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Калифорнияда кызамык оорусу тууралуу эскертүүнү көрүнөө жерге илип жатышат. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Европа жана Борбор Азия чөлкөмүндө кызамык оорусунун жайылышы былтыркыга салыштырмалуу болуп көрбөгөндөй өстү. ЮНИСЕФ уюму тараткан баяндамага ылайык, 2023-жылдын январынан декабрына чейин эки чөлкөмдө кызамык тастыкталган 30 миңден ашуун бейтап катталган. Өткөн жылы ушул маалда бул сан 909 болгон. Уюмдун адистери бул көрсөткүч былтыркыдан 3266 пайызга көп деп эсептешет.

Оорунун тарашы боюнча Казакстан биринчи орунда турат. Декабрдын башында коңшу өлкөдө 13 миңден ашуун адамга кызамык жукканы аныкталган, бул ар жүз миң адамдын 69у оорууга чалдыккан дегенди билдирет.

Кыргызстан экинчи орунда. Ар жүз миң кишинин 58и кызамыкка чалдыккан. Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматында, 2023-жылдын башынан бери өлкөдө кызамык жуккандардын саны 5500дөн ашкан. Алардын көбү балдар. Быйыл кызамыктан төрт бала чарчап калды.

ЮНИСЕФтин адистери иммунитетти бекемдеп, тийиштүү вакциналарды албагандар азайбаса, кызамык жайыла берерин эскертүүдө.

Европа мамлекеттеринен Румынияда бул оору көп жайылып, ар жүз миң адамдын ону жуктурган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өлкөлөрдү кызамыкка каршы чараларды күчөтүүгө чакырып келет.

Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашында жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз берилет.

Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 16 миңге жеткени расмий кабарланган. Оорунун жайылышын токтотуу үчүн өлкөдө эмделгендер 95% болушу зарыл, бүгүнкү күндө көрсөткүч 77% түзүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG