Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:14

Президент Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп эсептейт


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

15-декабрда президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан экинчи Элдик курултайда Кыргызстанда аткарылып жаткан иштер, экономикалык абал боюнча маалымат берип, курултайдын катышуучуларына кайрылуу жасады.

Мамлекет башчы сөзүнүн аягында “Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин жана адам укуктары мындан ары да сактала турганын” айтты. Президент курултайдын делегаттарына кандай маселе болсо ачык айтууга чакырды.

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында экинчи Элдик курултайга Кыргызстандын аймактарынан, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан шайланган 700 делегаттын 695и катышып жатат.

Кыргызстанда жарандык коом менен эл аралык уюмдар сөз эркиндигине басым-кысым көбөйгөнүн билдирип жатат.

Коррупцияны ашкерелеген иликтөөчү журналист Болот Темиров былтыр өлкөдөн күч менен чыгарылган. 10-ноябрда Жогорку Сот “Вечерний Бишкек” гезитинин арызынын негизинде көз карандысыз Kaktus.media басылмасына 500 миң сом, сайттын журналисти Диля Юсуповага 100 миң сом айып пул салган. “ПолитКлиника” басылмасы мамлекеттик ЭлТР телеканалы менен соттошуп жатса, Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” сайтын жабуу боюнча сотко кайрылып, териштирүү жүрүүдө.

Бишкектин борбордук аянттары менен көчөлөрүндө тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салынганына бир жылдан ашты. (BTo)

XS
SM
MD
LG