Экс-депутат Абдылдаев Элдик курултайдын төрагасы болуп шайланды

Мыктыбек Абдылдаев. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мыктыбек Абдылдаев Элдик курултайдын улуттук кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Улуттук кеңештин курамы 17 мүчөдөн турат.

15-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага Кыргызстандын аймактарынан, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан шайланган 700 делегаттын 695и катышып жатат.

Элдик курултайга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышууда. Курултай 15-16-декабрь күндөрү өтөт.

70 жаштагы Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Бир Бол” фракциясынан депутат болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстан Казакстанда жолдо калган жүргүнчүлөргө куткаруучуларды жөнөттүБизнес-ассоциациялар Соода палатасына башкаларды мажбурлап киргизүү аракетин айыпташтыБишкекте экинчи Элдик курултай башталдыЕвропада ХАМАСтын жардамчылары кармалдыМирбек Расулов Аскер прокурору болуп дайындалды