Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:48

Европада ХАМАСтын жардамчылары кармалды


Европа өлкөлөрүнүн полициясы. Иллюстрациялык сүрөт.
Европа өлкөлөрүнүн полициясы. Иллюстрациялык сүрөт.

Европа өлкөлөрүнүн полициялары АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобуна ыктымал жардам берген жети адамды кармады. Би-Би-Си маалымдагандай, алардын үчөө Данияда, үчөө Германияда жана бирөө Нидерландыда. Полиция аларды "еврей мекемелерине чабуул жасоого даярданган" деп шек санап жатат.

Укук коргоо органдарынын билдирүүсүнө ылайык, кармалгандар арасында Ливандын жана Египеттин жарандары бар.

Германиянын Федералдык прокуратурасы тергөө учурунда аныктагандай, Германияда жана Нидерландыда кармалган адамдар Берлинде жашыруун курал кампасын уюштурууга аракет кылышкан. Ал жер аркылуу курал-жарактарды башка өлкөлөргө жеткиришмек. Кармалган адамдар ХАМАСтын “аль-Кассам бригадасы” деп аталган согушчан канаты менен байланышта болушкан.

Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен ХАМАСтын катышуусундагы террордук коркунуч Европада “өтө олуттуу” экенин жарыялады. Бул өлкөнүн юстиция министри Петер Хуммельгаард “Даниядагы еврейлер коркунучта” экенин кошумчалады.

ХАМАС радикал кыймылы 7-октябрда Израилге кол салып, 1200 кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алган. Бул окуядан кийин жөөт армиясы ХАМАСка каршы согуш жарыялап, Газа тилкесине чабуулун баштаган.

БУУ жана бир катар эл аралык уюмдар анклавда гуманитардык кризис күч алганын билдирип, ок атышууну токтотууга чакырууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG