Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Кыргызстан Казакстанда жолдо калган жүргүнчүлөргө куткаруучуларды жөнөттү


ӨКМ Казакстанда жолдо калгандар үчүн куткаруучуларды жөнөттү.
ӨКМ Казакстанда жолдо калгандар үчүн куткаруучуларды жөнөттү.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Казакстандын Алматы-Ташкент автожолундагы кар күрткүсүнөн улам жол тыгынында калган кыргызстандыктарга куткаруучуларды жөнөттү.

Министрликтин маалыматына ылайык, Алга айылы менен Кордай айылынын ортосунда 100-150дөй машина жүргүнчүлөрү менен Кыргызстанга өтө албай калган.

Ал аймакка Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаментинен 99 куткаруучу жана 37 оор техника тартылган.

Жол тыгынында калып калган адамдарды чыгарууга жардам берүү үчүн Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 39 куткаруучусу, беш оор техника, бир Ниссан Пикап жана башка шаймандары менен Ак-Жол чек ара бекетинен Казакстандын аймагына киришти.

Алдын ала маалымат боюнча, 14-декабрда Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районунда жааган кардын кесепетинен Алматы-Ташкент жолунда кар күрткүсү пайда болуп, автоунаа жолу жабылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG