Казакстандын Маңгыстау облусунда бери дегенде эки ишкананын жумушчулары West Oil Software компаниясынын кызматкерлери айтып чыккан талаптарды колдой турганын билдиришти.
Жетыбай мунай кениндеги 500дөй жумушчу дүйшөмбү күнү иш таштаган. Алар иштөө шарттарын жакшыртууну, техниканы жаңыртууну, компанияны «КазМунайГаздын» курамына өткөрүүнү, маяналарын көтөрүүнү талап кылууда.
Интернетте тараган видеодо «БузачиТрансКурылыс» ишканасынын жумушчулары президент Касым-Жомарт Токаевге, облус губернаторуна, «КазМунайГаздын» жетекчилигине кайрылганын көрүүгө болот. Алар West Oil Software компаниясында иштеген кесиптештери менен тилектеш экенин айтышты. Талаптары үчүн жумушчуларды куугунтуктоону токтотууга чакырышты.
Ушундай эле кайрылууну дагы бир ишкананын кызматкерлери жасашты.
Курык райондук соту West Oil Software компаниясынын 500дөй жумушчусу жарыялаган иш таштоону мыйзамсыз деп тааныган чечимин чыгарган. Жумушчулар сотко катышпаганын, чечим мыйзамга туура келбейт деп эсептерин айтышууда.
"Азаттыктын" казак редакциясы жазганына караганда, бир жылдай кенчилер компаниянын жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүзүп, бирок андан майнап чыккан эмес. Алар ошондой эле иш таштагандан бери кысымга кабылганына даттанышууда. Кесиптик кошуундун жетекчиси жумушчулар талаптарынын аткарылышы үчүн сүйлөшүү жүргүзгөнүн бышыктап, арбитраждык комиссия тиешелүү иликтөөсүн токтотуп койгондо акцияга чыгышкан.
«КазМунайГаздын» Актаудагы өкүлчүлүгү иш таштагандардын кээ бир талаптарын аткаруу мүмкүн болбогонун, жумушсуз жүргөн жана ишке орношуу кезегинде турган башка тургундардын укуктары бузуларын Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Дагы караңыз
Жогорку Кеңеш 2024-жылдын бюджетин кабыл алдыМинистрлик төрөттүн азайышы тууралуу түшүндүрмө бердиПутин согуш башталгандан бери биринчи жолу түз эфирде суроолорго жооп берүүдө