Кыргызстанда күрөөканалардын үстөк пайызына эч кандай чектөө жок болгондуктан, каалагандай коюп жатканын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин 14-декабрдагы жыйынында билдирди. Ал банктын насыя берүү тартиби татаалдыгынан качкан жарандар күрөөканаларга барарын айтты.
“Күрөөканалар койгон күнүмдүк, айлык, жылдык үстөк пайызын так айтышпайт. Ошол үчүн бул мыйзам менен күрөөканаларды карыз алуучулар кол коёрдун астында жылдык үстөк пайызы боюнча так маалымат берүүгө милдеттендиребиз. Азыр бир жылдык коюмдары (ставка) 108, 200% өсүп кеткен учурлар бар. Буга жаңы мыйзам менен чектөө кирип жатат. Эгерде орточо коюму Улуттук банк менен чечилген болсо, жылына анын үстүнө 15% көп коё албай калат. Ошондо жылына 32% көп коюм коё албайт”, - деди Амангелдиев.
Депутат Нуржигит Кадырбеков Талас облусунун тургуну ага кайрылып, күрөөканадан алган 70 миң сомун төлөй албай, үйүн тартып алып жатканын билдиргенин айтты. Депутаттар Айбек Алтынбеков менен Шайлообек Атазов күрөөканаларды жаап салууну сунуштап, мунун айынан көп жарандар банкротко кабылып жатканын билдиришти.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров быйыл 11 айда күрөөканалардан 70 миллион, былтыр 25 миллион 463 миң сом салык түшкөнүн маалымдады.
Кыргызстанда буга чейин да көп пайыз менен карыз берген ломбарддардын иши талкууланган. 2021-жылы Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өзүн күрөөкана деп атаган "Сомо" компаниясынын Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына жооп бербеген бардык филиал жана өкүлчүлүктөрүн жабуу тууралуу буйрук берген.
Кийин бул сыяктуу көп пайыз менен карыз берген каржы ишканалары улам ачылып, ишин жүргүзүп жатканы айтылган.