ТИМ Орусияда кыргызстандык мигранттар 200 миңге азайганын билдирди

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында турган мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) консулдук департаментинин жетекчиси Алмаз Букалаев “Азаттыкка” эки жылда Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны 200 миңге чейин азайганын билдирди. Бул өлкөдө расмий эсепке караганда, азыр Кыргызстандын 400 миңдей жараны жашап, иштеп жатат.

Ал ушул тапта мигранттар Түркияга, Европага, Араб өлкөлөрүнө жана АКШга кетип жатканын айтты.

Жалпысынан учурда Кыргызстандын 800 миң жараны чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрөт. Бейрасмий маалыматтарда чет жактагы мигранттар 1 миллиондон ашат.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 30 жылдын ичинде 650 миңден ашык кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алганын айткан. (КЕ)

Дагы караңыз

Жогорку Кеңеш 2024-жылдын бюджетин кабыл алдыКыргыз-тажик топографиялык топтору чек арада дагы 47,05 чакырымды макулдаштыHRW кыргыз өкмөтүн майыптыгы бар кыз-келиндерди зомбулуктан коргоого чакырдыКоргоо министри Кыргызстан жеке менчик аскердик компания түзбөй турганын билдирдиКлиматтын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү келишимине 198 өлкө кол койдуДепутат Кыргызстанда акыркы жылдары төрөт азайып кеткенин айттыУКМК “Орто-Сай” базарын тейлеген салык кызматкерин кармады