Депутат Кыргызстанда акыркы жылдары төрөт азайып кеткенин айтты

Кыргызстан. Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн бири.

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына шилтеме берип, Кыргызстанда акыркы төрт жылда төрөт азайып кеткенин билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин 14-декабрдагы жыйынында айтып, калктын демографиялык абалын жакшыртуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.

“Мисалы, 2019-жылы төрөлгөндөрдүн саны 173 484, 2020-жылы 158 112 (15 миң адамга аз), 2021-жылы болсо 150 164 (дагы 8 миң кишиге аз) тѳрѳлгѳн. Төрөт боюнча жөлөк пул алгандардын азайышы Кыргызстанда төрөлгөндөрдүн саны төмөндөгөнүн айгинелеп турат. Өткөн жылы “Балага сүйүнчү” жөлөк пулун алуучулар 12,9% кыскарып, 130,2 миң адамды түздү”, - деди депутат.

Камила Талиева мындан ары мамлекет үй-бүлөдө төрөлгөн 3-балага артыкчылык берүү жана андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөрдүн балдарын камкордукка алуу саясатын жакшыртууга чакырды.

2023-жылы тогуз айда Кыргызстандын калкынын саны 92 800 адамга көбөйгөн. Жыйынтыгында быйылкы жылдын октябрына карата өлкөдө элдин саны 7 млн 130 миң адамга жетти.

Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында былтыр 19-октябрда төрөлгөн. Кыргызстан калкынын санынын өсүшү боюнча Борбор Азияда экинчи орунда турат. (BTo)

Дагы караңыз

УКМК “Орто-Сай” базарын тейлеген салык кызматкерин кармадыКар көчкүдөн улам Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автожолу жабылдыАкылбек Жапаров министрликтердин саны дагы деле көп экенин айттыКонгресстин Өкүлдөр палатасы Байденге импичмент жарыялоо үчүн иликтөө баштадыБыйыл чет өлкөлөрдөн 530 кыргыз жаранынын сөөгү алынып келдиМосква соту Кыргызстандан уурдалган активистке айып пул салып, бошоттуАкылбек Жапаров Кыргызстан АКШ менен мамилени чыңдоого кызыкдар экенин айтты