Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

Москва соту Кыргызстандан уурдалган активистке айып пул салып, бошотту


Лев Скорякин.
Лев Скорякин.

Москвада сот 13-декабрда “Солчул блок” кыймылынын активисти Лев Скорякинге Федералдык коопсуздук кызматынын алдындагы акциясы үчүн 500 миң рубль айып пул салды. Бирок убактылуу кармоочу жайда отурган күндөрү үчүн аны төлөткөн жок.

Бул тууралуу "ОВД-Инфо" Скорякиндин адвокатына таянып жазды. Активист сот залынан бошотулду. Буга чейин прокурорлор аны беш жылга эркинен ажыратууну суранышкан.

Федералдык коопсуздук кызматынын алдындагы акцияны Скорякин санаалашы Руслан Абасов экөө 2021-жылдын декабрь айында өткөрүшкөн. Кийин аларга "бейбаштык" жана "вандализм" беренелери боюнча айып тагылган.

Алар Орусиядан 2022-жылы жайында чыгып кеткен. Скорякин быйыл июнь айында Бишкекте кармалып, убактылуу тергөө абагына камалган. Укук коргоочулардын айтымында, ал сентябрь айында камактан чыгарылган. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Скорякин башпаанек сурагандыктан, аны Орусияга экстрадиция кылуудан баш тарткан.

"Солчул блоктун" активистин быйыл 16-октябрдан 17сине караган түнү Бишкекте уурдап кетишкен. Кийин Москвадагы тергөө абагына (СИЗО-2) же Бутыркага отургузушкан.

Скорякин Бишкекте аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери кармаганын, аэропортко алып келишкенде ал жерде Москвадагы "Таганская" метро станциясынын ички иштер бөлүмүнүн жана орус атайын кызматынын (ФСБ) эки кызматкери болгонун, колундагы кишенди учакта гана чечишкенин адвокатына айтып берген. Адвокат "Медиазона" басылмасына маалымдагандай, активист Москвадагы "Домодедово" аэропортунда аны так калтырбай уруп-сабашканын айтты.

Укук коргоочулар Скорякин тергөө абагында эки жума негизсиз камалып, кыйноого кабылганын айтышат. Алардын божомолунда, активистке күч менен "Орусияга өз ыктыярым менен кайтып келдим" деп айттырууну көздөшкөн.

XS
SM
MD
LG