Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-85-чакырымында (Тамчы тилкеси) көлөмү болжол менен 16 миң куб метр кар көчкү түшүп, жол эки тараптан тең жабылды. Бул тууралуу 14-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кабарлады.
Автожолду кар көчкүдөн тазалоо үчүн беш техника иштеп жатат. Жабыркагандар жок.
Кыргызгидромет борбору туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунда, Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болорун эскерткен. (BTo)
Дагы караңыз