Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:23

Конгресстин Өкүлдөр палатасы Байденге импичмент жарыялоо үчүн иликтөө баштады


Жо Байден жана анын уулу Хантер Байден.
Жо Байден жана анын уулу Хантер Байден.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү президент Жо Байденге импичмент жарыялоого алып келе турган формалдуу иликтөөнү баштады.

Мындай чечимге үчүнчү күнкү отурумда 221 “макул”, 212 “каршы” добуш берилип, чечим кабыл алынды. Иш жүзүндө чечимди Өкүлдөр палатасындагы республикачылардын баары колдоду, демократтардын баары каршы чыгышты.

Иликтөө бир жылдан бери формалдуу эмес түрдө жүрүп келген. Анда Жо Байдендин уулу Хантер Байден атасы президент кезинде Кытайда жана Украинада иштеген чет элдик компаниялар менен келишим түзүп, көп миллиондогон киреше тапкан жагдай каралып келет. Иликтөөдө президент мындан пайда көргөн-көрбөгөнү аныкталат. Баштапкы иликтөөлөрдө, буга байланыштуу ачык фактылар аныкталган эмес.

Мыйзам чыгаруучулар мындан сырткары Хантер Байдендин ишмердүүлүгүн иликтеген Башкы прокуратуранын ишине Ак үй кийлигишкен-кийлигишпегенин да изилдеп жатат.

Өкүлдөр палатасы иликтөөнү баштоо чечимин кабыл алганга чейин Хантер Байден Конгрессте жабык эшик артында көрсөтмө берүүдөн баш тартып, ачык коомдук угуу өткөрүүнү талап кылган.

Республикачы сенаторлор Конгресстин бул чечими тергөөчүлөргө толук кандуу иликтөө жүргүзүүгө ыйгарым укук берет деп эсептешет. Алар буга чейин Ак үй Өкүлдөр палатасынын чечими жоктугуна таянып, Конгресске тиешелүү документтерди берүүдөн баш тартып келгенин билдирүүдө.

Президент Байден республикачылардын бул кадамдарын “саясий айлакерлик” деп атады. “Америкалыктардын жашоосун оңдоо үчүн зарыл жумуштарды жасагандын ордуна, алар жалгандарды токуп, мага асылып жатышат”, – деп жарыялады Жо Байден. Демократтар республикачылар кайра бийликке келгиси келген экс-президент Дональд Трамптын шыкактоосу менен чыгып жатат деп белгилешүүдө.

53 жаштагы Хантер Байден бир топ жылдан бери Трамптын жана анын республикачыл тарапташтарынын сынына кабылып келет. Ал 2014-жылдан 2019-жылга чейин Украинадагы "Бурисма" аттуу газ компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. "Бурисмага" иш козголуп, бирок мыйзам бузуу жок деген негизде жабылып калганы айтылган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG