Акылбек Жапаров министрликтердин саны дагы деле көп экенин айтты

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда министрликтердин саны дагы деле көп экенин билдирди.

Бул тууралуу өкмөт башчы 14-декабрда Жогорку Кеңеште республикалык бюджеттин аткарылышы жана кийинки жылдарга божомолу боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатканда айтты.

“Менин жеке оюмда министрликтердин саны бүгүн деле көп. Бизден чоң мамлекеттер биздикинен аз министрликтер менен иштейт. Азыр Садыр Нургожоевичтин, өкмө башчы катары менин да структураны өзгөртүү оюбуз жок. Ушул курам менен профицитке жеттик. Мындан ары да иштей беребиз”, - деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасынын төрт орун басары бар. Андан тышкары 16 министрлик, беш агенттик бар. 2021-жылдын 5-майында президенттик башкарууга багытталган Конституция күчүнө киргенден кийин өкмөт Министрлер кабинети деп өзгөртүлгөн.

Кыргызстанда министрликтер өтө эле көп экени, артыкбаш агенттик, ишканалар майнапсыз иштеп жатканы тууралуу сын-пикирлер айтылып келет. (BTo)

Дагы караңыз

Быйыл чет өлкөлөрдөн 530 кыргыз жаранынын сөөгү алынып келдиМосква соту Кыргызстандан уурдалган активистке айып пул салып, бошоттуАкылбек Жапаров Кыргызстан АКШ менен мамилени чыңдоого кызыкдар экенин айттыИИМ 13 жылдан кийин Карасартовдун өлүмүнүн бети ачылганын билдирдиCOP28: 200дөн ашуун өлкө мунай колдонууну азайтууну макулдаштыКыргызстан Суусамыр-Тараз жолун оңдоого 30 млн доллар насыя алат