Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:58

Кыргызстан Суусамыр-Тараз жолун оңдоого 30 млн доллар насыя алат


Суусамыр жолу. Архив
Суусамыр жолу. Архив

Президент Садыр Жапаров 13-декабрда Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо үчүн Сауд өнүктүрүү фондунан 30 миллион доллар насыя алуу боюнча мыйзамга кол койду. Президенттин сайтына жарыяланган маалыматка караганда, мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 22-ноябрда кабыл алган.

Кредиттик макулдашуу 24-апрелде Сауд Арабиясынын Жидда шаарында Сауд өнүктүрүү фонду менен Кыргызстандын ортосунда кабыл алынган. Насыя Суусамыр – Талас – Тараз жолунун 93 чакырымын реконструкциялоого жумшалат.

Жогорку Кеңештин сайтындагы маалыматка караганда, 50 млн доллар 25 жылдык мөөнөт менен, анын ичинде жети жылдык жеңилдетилген тартипте берилет.

Ушул эле күнү президент Жапаров бул долбоорду каржылоо үчүн ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунан 15 млн доллар насыя, Ислам өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар гранттык жардам алуу боюнча мыйзамга кол койду.

Транспорт жана коммуникация министрлиги быйыл 11 айда өлкө боюнча жолдорго 660 чакырым асфальт төшөлгөнүн билдирди.

Мекеме сентябрда Кыргызстан эгемендик алгандан бери жол тармагына 2 млрд 660 млн доллар каражат алганын, анын 2 млрд 300 миллиону насыя болгонун кабарлаган.

XS
SM
MD
LG