Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

ИИМ 13 жылдан кийин Карасартовдун өлүмүнүн бети ачылганын билдирди


Кримтөбөл Максат Карасартовду 2010-жылы Бишкекте автоунаасынан атып кетишкен.
Кримтөбөл Максат Карасартовду 2010-жылы Бишкекте автоунаасынан атып кетишкен.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2010-жылы киши колдуу болгон кримтөбөл Максат Карасартовдун өлүмүнүн бети ачылганын кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 2010-жылдын 12-апрелинде аны Бишкектин Ибраимов жана Иваницин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар машинесинен атып, из жашырып кеткен.

Максат Карасартов алган жаракатынан ошол эле жерде каза болгон. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөдө бул кылмышка шек саналып маркум Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, буга чейин бир нече жолу соттолгон 42 жаштагы адам кармалып, камакка алынды. ИИМ ал кылмыштуу чөйрөдө “Протез” деген каймана ат менен белгилүү экенин кошумчалады. Ал мындан тышкары 2008-жылы Чолпон-Ата шаарында кримтөбөл, маркум Рысбек Акматбаевдин тууганы Кубанычбек Коноевдин өлүмү боюнча да шектүү катары өтүп жатат.

ИИМ Максат Карасартовдун өлүмүнө уюшкан кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсү “Дөө Чыңгыз” каймана аты менен таанылган Чыңгыз Жумагуловдун да тиешеси бар экенин билдирди. Ал былтыр 30-июлда Бишкектеги №1 тергөө абагындагы камерада бычакталып каза тапкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG