2023-жылдын башынан бери чет өлкөлөрдөн мекенине 530 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан алып келинсе, калгандары Түштүк Кореядан, Түркиядан, Казакстандан алынып келгендер. Бул үчүн мамлекеттен 57 млн 610 миң сом бөлүнгөн.
Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, 2022-жылы чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын, 2021-жылы 540 адамдын сөөгү “Жүк-200” болуп алынып келген.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын 800 миң жараны чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрөт. Бейрасмий маалыматтарда чет жактагы мигранттар 1 миллиондон ашат. Алардын көбү Орусияда. (КЕ)
Дагы караңыз
Москва соту Кыргызстандан уурдалган активистке айып пул салып, бошоттуАкылбек Жапаров Кыргызстан АКШ менен мамилени чыңдоого кызыкдар экенин айттыИИМ 13 жылдан кийин Карасартовдун өлүмүнүн бети ачылганын билдирдиCOP28: 200дөн ашуун өлкө мунай колдонууну азайтууну макулдаштыКыргызстан Суусамыр-Тараз жолун оңдоого 30 млн доллар насыя алат