Бишкекте ооруканага бомба коюлганы тууралуу кабар такталган жок

Саламаттык сактоо министрлиги тараткан сүрөт.

13-декабрда Бишкек шаарындагы №2 ооруканага бомба коюлганы тууралуу маалымат такталган жок. “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бейтаптар ооруканага кайра жайгаштырылды. Учурда кадимкидей тартипте иштеп жатат.

Түшкө чейин шаардык ооруканага бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, ал жердеги бейтаптар жана кызматкерлер эвакуацияланган.

Жай айынан бери Бишкектеги бир катар мектептерге, жогорку окуу жайлардын имаратына жана мамлекеттик мекемелерге бомба коюлганы тууралуу кабар түшкөн. Бир күндө борбор калаанын беш жеринде, анын ичинде Жогорку Соттун, Ленин райондук сотунун, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин имараттарында бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, бирок тастыкталган эмес.

УКМК жалган маалымат тараткан бир нече жаран кармалганын билдирген.

Дагы караңыз

АКШ президенти Байден Нетаньяхуну сынга алды ЕАЭБдеги эң көп кымбаттоо Казакстан менен Кыргызстанда катталдыКадамжайдын акими президенттен сын уккан соң кызматтан кеткени белгилүү болдуКыргызстанда кызамыкка чалдыккандар 5500дөн ашты