Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандар 5500дөн ашты


Кызамык жуктурган бейтаптарды кабыл алуучу оорукана. Бишкек. Ноябрь, 2023-жыл.
Кызамык жуктурган бейтаптарды кабыл алуучу оорукана. Бишкек. Ноябрь, 2023-жыл.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын башынан бери Кыргызстанда кызамык (корь) оорусун жуктургандардын саны 5 532 адамга жетти.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында – 1 637 киши. Ош шаарында – 377, Ош облусунда – 781, Баткен облусунда – 116, Чүй облусунда – 778, Жалал-Абадда – 1 591, Таласта – 101, Ысык-Көлдө – 83, Нарында – 68 учур катталды.

Быйыл кызамыктан төрт бала чарчап калды. Дарыгерлер кызамыктын кесепети оор болорун эскертип, ата-энелерди балдарды өз убагында эмдетүүгө чакырышууда.

Кызамыкка каршы пландуу эмдөөлөр адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашында жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып, жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жасалууда.

Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 16 миң жеткени расмий кабарланган. Оорунун жайылышын токтотуу үчүн өлкөдө эмделгендер 95% болушу зарыл, бүгүнкү күндө көрсөткүч 77% түзүүдө. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG