Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:27

ЕАЭБдеги эң көп кымбаттоо Казакстан менен Кыргызстанда катталды


Евразия Экономикалык Биримдигиндеги өлкөлөр (ЕАЭБ). 2022-жылы Орусия уюмдагы башка мамлекеттерге дан азыктарын жана кумшекерди экспорттоого убактылуу тыюу салган.
Евразия Экономикалык Биримдигиндеги өлкөлөр (ЕАЭБ). 2022-жылы Орусия уюмдагы башка мамлекеттерге дан азыктарын жана кумшекерди экспорттоого убактылуу тыюу салган.

2023-жылдын ноябрь айынын жыйынтыгында Евразия Экономикалык Биримдигиндеги (ЕАЭБ) өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы байкалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук статистика комитети уюмдагы мамлекеттердин статистикалык органдарынан маалымат алган соң жарыялады.

Бир ай мурдагы бааларга салыштырганда кымбаттоо Казакстан менен Орусияда жогору болду. Бир жыл мурунку көрсөткүчтөргө салыштырганда нарктын көтөрүлүшү Казакстан менен Кыргызстанда көбүрөөк катталды.

2023-жылдын ноябрындагы баалар 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу Казакстанда 8,9%га, Кыргызстанда 6,9%га, Орусияда 6,6%га жана Беларуста 4,9%га өскөн. Арменияда тескеринче 1,5% арзандоо жүргөн.

Улуттук статистика комитети кошумча берген деталдуу маалыматында, Казакстанда азык-түлүк товарлары 7,5%га жана тейлөө 11,5% кымбаттаганын, Кыргызстанда азык-түлүк эмес товарлар 11,9% кымбаттаганын билдирген. Бул өлкөлөрдө инфляциянын жогорулаганы ушул себеп менен түшүндүрүлгөн.

Дүйнөдөгү, анын ичинде ЕАЭБ кирген мамлекеттердеги соңку жылдардагы кымбатчылыктын себеби катары 2020-жылдагы коронавирус пандемиясы, 2022-жылдагы Орусиянын Украинага кол салуусу жана башка геосаясий окуялар аталып келет. Соода жолдору бөгөлүп, логистикалык чынжырчылар бузулгандан улам кайсы бир өлкөлөрдө чийки заттар, кайсы бир мамлекеттерде товарлардын тартыштыгы жаралган. Бул баалардын жогорулашына алып келди. (ErN)

XS
SM
MD
LG