13-декабрда Бишкектеги Тыныстанов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде Mazda Demio үлгүсүндөгү автоунаа күйүп кетти.
Кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери барып, өрттү өчүрүштү. Алдын ала маалымат боюнча эч ким жабыркаган жок. Кырсыктын себеби азырынча айтыла элек.
Автоунаа толугу менен күйүп кеткен. Анын жанында турган эки машиненин бирин жолдо өтүп бараткан адамдар ордунан жылдырган. Дагы бирин ээси айдап кеткенге жетишти. Кырсык Түркиянын Бишкектеги элчилигинин жанында болду. (BTo)
Дагы караңыз
БУУ Газада ок атышууну дароо токтотуу боюнча резолюция кабыл алды14-декабрда да абанын температурасы төмөн болотОрус армиясынын Киевге чабуулунда 50дөн көп киши жабыркадыМинистр онлайн окуу тууралуу чечимдин кечиккенине түшүндүрмө бердиБишкекте ооруган балдар көбөйүп, ординаторлор жардамга чакырылды УКМК бажыда бошогон орундарга Ташиевдин жакындары кызматка алынып жатканын төгүндөдү