Төө-Ашууда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Төө-Ашуу.

12-декабрда саат 13:30дан баштап Бишкек-Ош жолундагы “Сосновка” өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга аба ырайынын кескин өзгөрүшү себеп.

Министрликтин маалыматында жолдорду тазалоо жана инерттик материалдар менен камсыздоо иштери жүрүп жатканы жазылган.

Министрлик алыс жолго чыга турган айдоочуларга унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууну жана чынжыр салып алууну эскертүүдө.

Бишкек-Ош жолу Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган негизги магистрал. Жолдо Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел сыяктуу бийик, аба-ырайы катаал ашуулар бар. Бишкек-Ош жолунун Талас-Тараз багытына бурулган тарабындагы Өтмөк ашуусу да бийик ашуулардын бири.

Дагы караңыз

Аба ырайы: кар жаайт, сууктун күчү -35 градуска жетет Кыргызстанда сууктан улам электрди керектөө кескин жогоруладыОрусияда журналист Алсу Курмашевага жаңы кылмыш иши козголдуГаза: ЦАХАЛ Жабалия менен Шежай шаарларында хамасчыларга сокку урууда