Кара-Суудагы "Сайкал Люг" базарында ижара акы арзандайт

Оштогу Кара-Суу базарынын соодагерлери нааразылык акцияда. Архивдик сүрөт

Оштун Кара-Суу районундагы "Сайкал Люг" базарынын ээси Кенжебек Азимбаев базардагы жер тилкелеринин ижара акысы 50% түшүрө турганын билдирди. Ал 12-декабрда социалдык тармактар аркылуу тараткан маалыматта мындай чечимди элге көмөктөшүү максатында кабыл алганын айткан.

"Сайкал Люг" - Кара-Суудагы базардын аймагында жайгашкан чакан базар.

10-декабрда "Дордой" ассоциациясына кирген базарларда жер тилкелеринин ижара акысы 50-60 пайызга чейин арзандаганы белгилүү болгон. Анын негиздөөчүсү Аскар Салымбеков "Дордой" Министрлер кабинетинин салык реформасын колдой турганын билдирген.

Акыркы күндөрдө өлкөдөгү бир катар базарлар дагы ижараны арзандатууда. "Аламүдүн" базары 30-50 пайызга, "ЗимаЛетто" компаниясы өз базарында 25 пайызга, "Оберон" базары соода орундарын 20 пайызга арзандатканын жарыялады.

6-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү" деп билдирген.

Ал УКМКнын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачып жатып, комитеттин кызматкерлерине "базар ээлерин көзөмөлдөөнү, алардын ижара акыны көтөрүүсүнө жол бербөөнү" тапшырган. Ири соода-сатык комлпекстеринин ээлерин өлкөдөгү эң бай адамдар катары сыпаттап, Аскар Салымбеков, Мелис Мырзакматов, Чолпон Султанбекова, Турсунтай Салимов, Курманбек Байтереков, Камчыбек Жолдошбаев, Кубатбек Байболов, Элвира Сурабалдиева, Чыңгыз Алкановдун аттарын атаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова мамлекет жана Конституция жеке мүлктү коргоого алышы керектигин, эгер базарларга тышкы башкаруу киргизиле турган болсо ал рейдерлик басып алуу болуп каларын айткан. Дагы бир депутат, "Кудайберген" базарынын ээси Элвира Сурабалдиева бизнеске эркиндик керектигин "Азаттыкка" билдирген.

Министрлер кабинетинин көзөмөл-кассалык машинелерди киргизүү демилгесинен кийин ноябрдын аягында, декабрдын башында бир катар базарларда ишкерлер нааразылык акциясына чыгышкан.

5-декабрда президент Садыр Жапаров "Дордойдо" соодагерлер менен жолугуп, алардын талаптарын уккан. Андан кийин “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде “эгер соодагерлердин митинги токтобосо, бийлик базарларга "Кумтөр” сыяктуу эле тышкы башкаруу киргизерин айткан. (DSh)

Дагы караңыз

Аба ырайы: кар жаайт, сууктун күчү -35 градуска жетет Кадамжайда Молдо Нияздын айкели орнотулду Татарстандын Жогорку Соту журналист Алсу Курмашеваны камакта калтырдыGoogle 2023-жылы интернетте изделген маалыматтардын рейтингин чыгарды