Пакистандын түндүк-батышындагы полиция бекетинин жанында жанкечти уюштурган жардыруудан коопсуздук кызматынын 22 өкүлү набыт болуп, отуздан ашыгы жараат алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди. Окуя Ооганстан менен чектеш аймакта жайгашкан Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Дера Исмаил Хан районунда болгон.
Полиция башчысы Дарабанда Зишан Икбал “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиргендей, кол салгандар менен полиция кызматкерлеринин ортосунда атышуу болгон. Чабуул койгондордун үчөө жок кылынган.
Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Техрик-е-Жихад Пакистан” тобу алды. Соңку кездери бул топ аталган райондо бир нече чабуул уюштурду.
Аталган провинцияда быйыл 30-июлда болгон жардыруу 50 кишинин өмүрүн кыйып, жүздөн ашууну жараат алган. Ал жардыруу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал тобу өз мойнуна алган.
Дагы караңыз
Татарстандын Жогорку Соту журналист Алсу Курмашеваны камакта калтырдыКадамжайда Молдо Нияздын айкели орнотулду Польшанын премьер-министри болуп Дональд Туск шайланды