Медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын ишине көзөмөл күчөтүлөт

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги жарандардын майыптыгы боюнча корутунду чыгарууга милдеттүү болгон медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын (МСЭК) ишине көзөмөлдү күчөтөт.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, министр Гүлнара Баатырова МСЭК жетекчилери менен онлайн жолугушууда алардын ишине эл арасында нааразылык көп экенин айтты. Жолугушуу 11-декабрда болгон. Министр комиссиялардын иши текшерилип, жемкорлукка шек саноо болсо укук коргоо органдарына тапшырыларын белгилеген.

9-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Араван районунда МСЭК төрагасы менен эки мүчөсү паракорлукка шек саналып кармалганын билдирген.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, аймактык МСЭКтер жарандардын убактылуу жана туруктуу эмгекке жарамсыздыгына медициналык-социалдык экспертиза жүргүзөт, майыптуулуктун бар экендигин белгилейт жана анын тобун аныктайт.

Ошондой аларга социалдык колдоо зарылдыгы тууралуу корутунду чыгарат. Майыптыгы бар адамдарга берилчү жөлөкпул жана жеңилдиктер аталган комиссиялардын чечимине көз каранды.

Дагы караңыз

Google 2023-жылы интернетте изделген маалыматтардын рейтингин чыгарды“Ориондун” ээси Куттубай Мурзабаевге иш козголгону белгилүү болду“Дордойдогу” коррупцияга байланыштуу кармалган салыкчылар иштен алындыАКШ Навальныйдын тагдырына тынчсыздануу билдирди