Чек ара: Ташиев менен Ятимов Баткенде делимитация, демаркация маселесин талкуулады

Саймумин Ятимов жана Камчыбек Ташиев. 12-декабрь, 2023-жыл.

12-декабрда Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда 2023-жылы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык-укуктук жумушчу топторунун аткарган иштеринин жыйынтыгы талкууланды.

“Калган аймактарда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясын баяндап жазууну аяктоо боюнча ишти активдештирүүгө конкреттүү тапшырмаларды беришти”, - деп айтылат маалыматта.

Президент Садыр Жапаров 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айына чейин такталып каларын айткан. Бийлик ага чейин чек араны тактоо иштерин ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү ниетин билдирип келаткан.

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун 29-ноябрдан 5-декабрга чейин Тажикстандын Бустон шаарында өткөн жолугушуусунда чек аранын дагы 24 чакырымы такталганы айтылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. (BTo)

Дагы караңыз

“Ориондун” ээси Куттубай Мурзабаевге иш козголгону белгилүү болду“Дордойдогу” коррупцияга байланыштуу кармалган салыкчылар иштен алындыАКШ Навальныйдын тагдырына тынчсыздануу билдирдиБаткен облустук бириккен ооруканасын үчкө бөлүү сунушталдыТүркияда жаңжалдан улам футбол лигасындагы оюндар убактылуу токтоду Садыр Жапаров быйыл да басма сөз жыйынын өткөрбөйт