USAID Кыргызстандагы мектептерге 1 млн 800 миңге жакын китеп берди

USAID берген китептер.

12-декабрда АКШнын эл аралык өнүгүү агенттигинин (USAID) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өлкөдөгү 1681 мектепке 1 млн 800 миңге жакын балдар китептерин тапшырды.

Иш-чара Бишкектеги №21 мектепте өтүп ага билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, USAID уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Кая Адамс катышты. Бул саамалык жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата өтүп жатат.

7-11 жаштагы балдар үчүн басылып чыккан китептер төрт тилде жазылган. Арасында жомок, фантазия, энциклиподия, комикс түрүндөгү китептер бар. Аларды мектепте предметтик сабакка же кошумча китеп катары колдонсо болот. Китептердин электрондук версиясы илим берүү жана илим министрлигинин сайтында жана bloomlibrary.org сайтында бар.

USAIDдин “Окуу керемет!” долбоору башталгыч класстарда окуган 450 миң окуучунун окуу жана математикадан жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ишке ашырылып жатат жана өлкөдөгү жалпы мектептердин 75% камтыйт. (MKt)

Дагы караңыз

“Дордойдогу” коррупцияга байланыштуу кармалган салыкчылар иштен алындыАктивист Адилет Балтабайдын соту 22-декабрга жылдырылдыБишкекте бир адамды 800 миң долларга алдап кеткен жаран кармалдыСадыр Жапаров Баткенде УКМКнын жаңы имаратын ачтыУкраинанын президенти Зеленский Вашингтонго бардыНавальныйдын кайсы түрмөдө экени белгисиз болууда