Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Навальныйдын кайсы түрмөдө экени белгисиз болууда


Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный.
Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный.

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын адвокаттары билдиргендей, ал Владимир облусундагы Мелехово түрмөсүндө жазасын өтөп жаткандардын катарында жок. Саясатчынын маалымат катчысы Кира Ярмыш билдиргендей, бул тууралуу аларга түрмөнүн өкүлдөрү айтышкан. Навальный учурда кайда экени белгисиз.

Буга чейин саясатчынын тарапташтары аны менен алты күндөн бери байланыша албай жатканын айтышкан. Адвокатын да түрмөгө киргизбей жатканы белгилүү болгон.

Кира Ярмыштын айтымында, түрмөнүн кызматкерлери “7-декабрдан бери электр жарыгын калыбына келтире албагандыктан” Навальныйды видео аркылуу байланыштыруу мүмкүн болбой жатканын билдиришкен. Жаза аткаруу кызматы бул тууралуу расмий комментарий бере элек.

Тарапташтарынын айтуусунда, Навальный декабрдын башында өзүн начар сезип жаткан. Ярмыш менен Руслан Шаветдинов белгилегендей, саясатчыга тамак берилбей, аба алмашпаган камерада кармап, таза абада сейилдөө убактысын кыскартып салышкан.

47 жаштагы Навальный быйыл августта “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин ал Ив-роше иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан.

Навальный өзүнө тагылып жаткан айыптарды четке кагып келет.

Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып келатканда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары аны саясий туткун катары таанышкан.

XS
SM
MD
LG