Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Украинанын президенти Зеленский Вашингтонго барды


Украинанын президенти Владимир Зеленский жана АКШнын президенти Жо Байден. 21-сентябрь, 2023-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана АКШнын президенти Жо Байден. 21-сентябрь, 2023-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 11-декабрда Вашингтонго барды. Ал АКШга Аргентинадагы сапарынан кийин кайрылды. Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Зеленскийди Вашингтонго чакырган.

Украин президенти Конгресстин өкүлдөрүнө жолугуп, Киев канчалык жардамга муктаж экенин жана Американын колдоосу канчалык маанилүү экенин түшүндүрөрү күтүлүүдө.

Маалыматка караганда, Зеленский 11-декабрда Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинде сүйлөйт. Ал эми Байден аны Ак үйдө 12-декабрда кабыл аларын мааалымат катчы Карин Жан-Пьер билдирди. Андан тышкары Зеленский Өкүлдөр палатасынын республикачы сенатору Майк Жонсон менен жолугары күтүлүп жатат.

6-декабрдын кечинде АКШнын Сенаты Украина жана Израилге аскердик, Газага гуманитардык жардам берүү каралган мыйзам долбоорун колдобой койгон.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба 11-декабрда Брюсселде Евробиримдиктеги кызматташтары менен жолукту. 15-декабрдагы саммитте Киевдин шаркетке мүчө болушу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо жана Украинага 50 миллиард евролук экономикалык жардам бөлүү боюнча чечим кабыл алынат.

XS
SM
MD
LG