Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Активист Адилет Балтабайдын соту 22-декабрга жылдырылды


Адилет Балтабай. Архивдик сүрөт.
Адилет Балтабай. Архивдик сүрөт.

Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин иши боюнча Чүй облусунун Сокулук райондук сотундагы отурум 22-декабрга дайындалды. 11-декабрдагы соттук жараян адвокаты Эрлан Казаковдун ооруп калганына байланыштуу жылдырылган.

Сокулук райондук сотуна Пробация кызматы кайрылып, Адилет Балтабайга байланыштуу чечимди жокко чыгарууну суранган жана мындай өтүнүчүн ал пробация эрежелерин бузганы менен негиздеген.

10-октябрда активист Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде (УКМК) бир нече саат суракта болгонун, Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кылмыштуу тобу менен байланышы бар же жогу тууралуу суроолорду беришкенин айтып берген. УКМК бул боюнча маалымат бере элек.

Бийликти сындаган акцияларды түз эфирде чагылдырып жүргөн блогер 13-январда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарды бошотуу талабы коюлган митингге катышкандан кийин кармалып, №27 абакка камакка алынган. Апрель айында эркиндикке чыккан.

Ага чейин былтыр жарым жылдай камакта отуруп, 11-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Жапырт башаламандык” беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылган. Пробациялык көзөмөл өкүмү менен сот залынан бошотулган. (BTo)

XS
SM
MD
LG