“Президент тууну өзгөртүү демилгесин четке кагышы керек”. Мындай пикирин коомдук-саясий ишмер Эмилбек Каптагаев "Азаттыкка" маегинде билдирди.Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттары сунуштаган мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору коомдо нааразылыктарга себеп болушу мүмкүн. Каптагаев сунушталган тууну вариантындагы кемчиликтер, учурдагы талаштуу жагдайдан чыгуунун жол-жобосу тууралуу пикири менен бөлүштү.
- Кыргызстанда соңку күндөрү мамлекеттик туу, анын айрым элементтерин өзгөртүүнүн айланасында чоң талкуу болууда. Жогорку Кеңеш тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштап, биринчи окууда кабыл алууга жетишти. Бул маселени талкуулап, каршы чыккандар болууда. Алардын арасында сиз дагы барсыз. "Мындай аракет мамлекеттүүлүккө доо кетириши мүмкүн" деп эскертип жатасыз. Мамлекетке эмнеси менен доо кетирет жана жалпысынан кесепеттин тереңдигин эмнеден көрүп жатасыз?
- Мамлекет, мамлекеттик бийлик - булар эзелтеден өзүнүн ички сыйкыры, ички күчү бар институттар. Элдин башын бириктирип турат. Элдин гана башын бириктирбестен, сыртка, ичке, баарына сес берип турган нерсе - бул мамлекет, мамлекеттүүлүк. Мамлекеттүүлүктүн символдору бар. Мамлекеттүүлүктүн эң алдыда турган биринчи символу - туу. Тээ эзелтеден герб, гимн деген болгон эмес. Ырас, ар бир уруунун эн тамгалары болгон. Бирок жалпы кыргыздар көтөргөн герб сыяктуу тамганы уккан эмесмин, билбейм. Ал эми бүтүндөй элди бириктирген жалпы туу болгон. Мындан 1200, 1300 жыл мурдагы кытай жазууларында: «Кыргыздар кызыл туу көтөрөт. Туусунда ар бир уруу өзүнүн белгисин коюп алат», - деп жазылып турат. "Кызыл туу, кызыл өң менен бир туунун астында туралы, бир туу көтөрөлү, бир мамлекет катары бир бүтүндүктө бололу" деген мааниде. Мамлекеттүүлүктүн негизги символу - туу. "Тууну өзгөртөбүз, туу мындай же тигиндей болуп калыптыр" деген сын түптүз эле мамлекеттүүлүктүн өзөгүнө, түпкүлүгүнө доо кетирет.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Мына 1991-жылы кыргыз мамлекети жаралды, азыркы туу кабыл алынды. Ал эгемендиктин туусу деп, баарына сиңип калды. Ошол 30 жылда бир муун жаңырды. Ал кезде төрөлгөндөр 30 жаштан ашты. Ал кездеги 30 жаштагылар эми 60тан ашып, 40-50 жаштагылар азыр 80-90го чыгып, кадыресе аксакал болуп калышты. Баары жүрөгүндө "Биз, кыргыз, эгемен мамлекет болдук" дегендеги биринчи белги туу болду. Ошол тууну жектеп, өгөйлөп, жаңысын жасайбыз дегендин өзү эгемендикке, эгемендиктин символу катары тууга, мамлекеттүүлүктүн өзөгүнө чабуул.
Кийинки жылды, 1924-жылды "Соңку жаңы тарыхта кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра калыбына келүү, кайра түзүлүү жылы" деп белгилейбиз деп жатышат. 100 жыл болду деп жатабыз. Бир колу менен жасайм дегенди экинчи колу менен шыпырып жатпайбы. Мамлекеттин 100 жылдыгын белгилөөнүн өзөгүндө баары бир "мамлекеттүүлүктү бекемдөө, мамлекетке карата сыйды, сыймыкты орнотолу" деген маани жатат. Болбосо 100 жылдыкты белгилеп эмне кереги бар? Оң колуң менен жасайм дегенди, сол колуң менен "тууну алмаштырабыз" деп жыга чапкандай болуудабыз.
- Ушул демилгени көтөрүп чыккандардын, сунуштаган депутаттардын негизги мотиви эмне болушу мүмкүн? Эстетикалык табит жөнүндө кеп кылуудабыз да. Туудагы күн жана анын нурлары күн карамага окшошуптур деп депутаттар жаңы вариантты сунуштап жатышпайбы?
- Эстетикалык табит жагын айта албайбыз го дейм. Анткени азыр сунушталып жаткан туунун эскизи мурдагы туунун караанына жакын дагы жолой албайт. Азыркы туунун нурун түз кылышты, түндүктүн диаметрин кичирейтип жатышат. Кеп чамгарактын ичиндеги чабактын санында эмес. Мурунку тууда чамгарактын диаметри, күн менен дал келгенсип тургандыктан улам, түндүгүбүз көтөрүлгөнсүп, өзү нур чачып тургандай энергетикасы бар болчу. Мындай нерсе оңой менен жаралбайт. Кудайдан болуп, өзүнөн-өзү жаралып калган символика. Андай жөн эле тартып, жаратуу кыйын. Мына ушундай өзгөчө энергетикага ээ. Толкунданбай карай албайсың, көтөрө албайсың. Ошондон улам биздин белгилүү спортсмендерибиз Айсулуу (Тыныбекова-ред) деле, маданият ишмерлери деле айтып жатышпайбы: "Башка тууну мен тааныбайм, билбейм", - деп. Кептин баары ошондо да. Ушул туу менен өсүп, ушул туу менен карманып калгандан кийин, бул тууну мындан ары бийик көтөрүү - ар бирибиздин милдетибиз. Менин жеке оюмча, кандайдыр бир күчтөр же болбосо көзү ачык, бүбү бакшылар көп, ошолор бийлик башындагы кайсы бир адамдарга пикир жаратып, ынандырып койгон болуш керек.
"Ак үйдү жаңыртып, жаңы салыш керек, тууну жаңыртыш керек. Баарын жаңылабаса, 30 жылдан бери канча жолу революция болуп кетти, канча кан төгүлдү" деп ырым-жырымдап, мыктай кагып коюшу мүмкүн. Башка себепти менен көрө алган жокмун. "Күн карамага окшошуп калыптыр" деп жатышты эле. Макул, күнкарама, бирок аты күнкарама болгону менен, эч кандай жаман өсүмдүк эмес, негизи. Бирок азыркысын эмнеге гана окшоштурушкан жок. Тикенеги уйгак деп, баканын көнөк баштарына чейин кетип калды. Туулбай жатып тунган деген кеп бар го. Бул туу жаралбай жатып, эч кандай абройго ээ болбой, тепселенди. Эми ушул тууну алып, мамлекеттүүлүктүн белгиси катары ыйыктыкка ээ кылуу практикалык түрдө мүмкүн эмес. Анткени элдин ичинде ушундай пикир жаралып калды. Бул тууну эмне кылып мактасаң дагы, эртең эч ким сыймыктануу менен карабайт. Караса эле, көзүнө ошол көнөк баш же араа көрүнө берет. Бул сиңип калды. Бул жерде туунун авторлорунун бири Бек Жайчыбеков: "Параметрлерин тактап, улам жасай беришип, күндүн нурлары кыскарып көркү кеткенсип калды", - деди. Ошондуктан пропорцияларын так бекитип, ошол эле туунун өзүн калтырса, менимче, баары үчүн утуш болмок.
- Дал ушул авторлор демекчи, депутаттар соңку аракетти туунун айланасындагы талкуу болуп жаткан, тууну иштеп чыккан авторлор "алгачкы варианттын айрым элементтери четтеп кеткен" деген жүйөлөрдү келтирип, парламентке чейин сөз болуп кетпедиби. Сиз коомдук-саясий турмушка 30 жылдан бери аралашып келесиз, тууну кабыл алып жаткан учурда катышкансыз. Ал учурда дагы талаш-тартыш болуп, ар кандай варианттар, сунуштар берилген. Ошонун баарын козгоп, азыркы менен салыштыруу канчалык деңгээлде туура?
- Германияда немистер миң жылга жакын бир эле символ катары бүркүттүн сүрөтү көрсөтүлгөн гербди көтөрүп жүрүшөт. Ал сүрөттү карап отуруп, бүркүт деп айта албайсың. Бирок мына миң жылдан бери көтөрүп жүрүшөт. Орто жолдон Гитлер тибет, будда, ламалардын ыйык кайчылаш белгисине алмаштыра койгон. Немистер бирок кайра эле кайтышты. Анткени муну символ, белги, тамга катары кабыл алыш керек. Авторлор жөнүндө сөз болуп калды. Бек Жайчыбеков "азыркы тууну өзгөртпөш керек" деп ыйлап айтып жатпайбы. "Мал боор эт менен тең" дегендей, өзү отуруп, иштеп чыккан нерсе. Чынын айтканда, жаны кейип жатат. Көрүнүп эле турат. Дагы автормун деген бирөө Жогорку Кеңеште сүйлөп отурат. Эми бул депутаттар үчүн дагы уят, автормун деген сүрөтчүсүнө дагы уят. Ошол жерде отуруп, синус, косинус, котангенс деп ар нерсени айтып, депутаттардын башын оорутту. Чын-чынында туунун эскизин жасаш үчүн эч кандай синус, косинустун кереги жок. Компьютердик графика менен каалагандай пропорцияда мектептин окуучусу үч мүнөттө жасап коёт.
Өкмөт, ошондой синус, косинус менен жасаганын, өзүнүн корутундусунда берди, «ошол берген пропорция менен чийсек, туунун тикенектери, туунун сыртына чыгып кетет экен» деп. Мына чаласабаттуулук. Өзүнүн чала сабатында кандайдыр бир терең теориялык нерсе менен далилдеп, тууну айтып жатам деп ойлоду. Бирок ошол сөздөрү менен Жогорку Кеңештин баарынын, өзүнүн абийирин кетирди. Ошону угуп, баш ийкеп отурган депуттардын бирөө токтотуп койсо болот да. "Косинус, синустун кереги эмне? Кантип эсептедиң? Анда бул үч бурчтуктун ички бурчтарын, жактарын эсептеп көрчү" деп бир эсеп бере койсо эле, чыгара албайт. Кептин баары тең чаласабаттыкта. Тууну алмаштырабыз дегенге башка жүйө табылбай, анан бир нерселерди айтыш керек болуп калдыбы беле. Ошондон улам автормун деген киши дөөрүп отурду да, чынын айтканда.
- Депуттар биринчи окууда кабыл алды. 66 депутат "макул" деди. Анын авторлору Жогорку Кеңештин төрагасы баш болуп, акыркы түшүндүрмөлөрү боюнча аны аягына чыгарууга камынып калгандай. Бирок президент, аткаруу бийлигиндеги жетекчилер азыр эмнелерди эске алышы керек? Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов социалдык тармактарда "депуттар элдин пикирин, эркин эске алат" деп ойлойм деген билдирүү жасады. Бул эмнеден кабар берет?
- Менин оюмча, бул анын мамлекеттик катчы катары жеке, ички бир толгонуусу. Бирок ал деле: "Мен ушундай өзгөрүүгө каршымын. Мындай өзгөрүүнү кабыл ала албай турам" дей алган жок да. "Мага дагы жакты" деп койду. Бул билдирүү эч нерседен кабар бербейт деп ойлойм. Анткени "жасайбыз дегенин жасайбыз, алабыз дегенин алабыз" болуп, элдин пикирин, коомчулуктун пикирин деген такыр эске албай жатышат. Коомдо андай түшүнүктөр калып баратат. Бир топ эле калып калды. Атүгүл Союз убагынан бери келе аткан тартип коомчулуктун кайрылуусуна жооп берүү, кандайдыр бир жарандардын каттарына жооп берүү бул сөзсүз талап болчу. Канча күндө кайсы бир мамлекеттик орган болсун, ошол катка жооп бериши керек эле. Азыр жооп бербей деле калды.
Жайнаган кайрылуулар жалпыга маалымдоо каражаттарынан айтылып, жазылып жатат. Ошолорго бир түшүндүрмө, комментарий берип, элге туурасын түшүндүрүп же болбосо жокко чыгарып, же макул болуу салты да жок болуп калды. Мына ушул жагдайларды эске алганда жаңы сунуштаган эскизди өткөрүшөт. Бирок бул туу, өзүмдүн ички туюмумда, ачык эле жаздым, мамлекеттүүлүктүн, эгемендиктин туусу катары кабыл алынбайт. 5, 10 жыл болобу, бийлик алмашканда, кийинки бийлик сөзсүз өзгөртөт. Эгер кийинки бийликтин кандайдыр бир акылга сыярлык логикасы болсо, кайра мурунку тууну алып келет. Болбосо алар дагы "өзүбүз билебиз, кыйынбыз" деп дагы бир сүрөттү алып чыгып, элдин башын оорутуп, ызы-чуу жаратышат. Менин оюмча, азыркы сунушталган тууда эч кандай келечек жок. Анткени туулбай, жаралбай жатып, көтөрүлбөй жатып, тамтыгы чыкты. Эч кандай сыйкыры дагы, күчү, кубаты дагы жок.
- Бул кырдаалдан чыгуунун жолун сиз кандай көрүп жатасыз? Айрымдар "референдум өткөрөлү, элдин пикирин билели" деген сыяктуу сунуштарды айтып жатышпайбы…
- Менин оюмча, референдумга чыгарып, андан ары ызы-чуу кылуунун деле эч кандай кажети жок. Эки жыл мурда президент Садыр Жапаровдун туу жөнүндө айтканы социалдык тармактарда аябай тарап кетти. Ошол сөзүнө кайтып эле: "Эми элге ушунча сиңип калыптыр, чынын айтканда, ар кандай пикирлер болду эле. Бирок эгемендиктин символу катары ушул эле тууну калтыралы", - деп айтса, бүгүн президенттин утушу болот.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.