Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

"Күчтү өлкөнү өнүктүрүүгө жумшаса болмок". Туунун талаштуу тагдыры


Тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечилери - спикер Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов. Коллаж
Тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечилери - спикер Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов. Коллаж

Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы сессиясында мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Айрым депутаттар маселе бир күн мурун эле күн тартибинде болбогонун айтышса, кээ бири анын сессияда караларын укпаганын белгилеп жатышат.

Долбоордун авторлору тууну өзгөртүүгө анын күн карамага окшоп калганы тууралуу пикирлерди гана жүйө келтирүүдө.

Учурда өлкөдө тууну өзгөртүүдөн да маанилүү маселелер бар экенин эске салып, парламенттин мындай чечимин айыптагандар болууда.

Чукул каралып, колдоо тапкан долбоор

Кыргызстандын туусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору тармактык комитетте каралгандан эртеси күнү эле дароо Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында биринчи маселе болуп каралды. Бул жолу депутаттар парламент төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов автор болгон мыйзам долбоорун аягына чейин талкуулаган жок.

Депутат Акылбек Түмөнбаев сөз алып, дароо эле добуш берүүгө өтүүнү сунуштады.

Акылбек Түмөнбаев
Акылбек Түмөнбаев

“Бүгүн мыйзам долбоорунун концепциясын өткөрүп берели. Ушунча киши суроого жазылып алды, жөн эле талкуу кылбайлы. Кийин өзүбүзчө жабык кылыппы, кеңешип, чечишип алат элек”.

Коомчулукта кызуу талкууланып жаткан тууну өзгөртүү маселеси парламенттин өзүндө андай деле кызуу талашты жараткан жок. Саналуу гана депутаттар бул маселе боюнча суроо берүүгө үлгүрүп, депутаттар аны биринчи окууда кабыл алууга шашты.

Алардын арасында депутат Тазабек Икрамов мамлекеттик тууну өзгөртүүгө кандай зарылдык жаралды деп суроо салды:

"Эртең биз унаа же паспорт менен бир мамлекетке кире турган болсок, "символ башка экен, паспортто башка туу турат" деп киргизбей койсок, ким жоопкерчилик алат? Силер жооп бересиңерби?"

Спикер Нурланбек Шакиев мындай маселе жаралбайт деп ишендирүүдө. Ал туу өзгөртүлсө, бюджеттен каражат кетпей турганын, желек зарыл жерлерде алмашылса, анын чыгымын демөөрчүлөр көтөрөрүн билдирди. Бирок кайсы демөөрчүлөр экенин ачыктаган жок.

Добуш берүүдөн кийинки нааразылык

Парламенттеги нааразылык добуш берүү бүтүп калгандан кийин башталды. Долбоорго “макул” деп добуш бергендердин тизмесиндеги депутат Мирлан Самыйкожо туунун өзгөрүшүнө каршы экенин билдирип, анын ордуна башка бирөө добуш берип койгонун айтып чыкты.

Мирлан Самыйкожо
Мирлан Самыйкожо

“Бул маселе бүгүнкү күн тартибинде жок эле. Жашыруун түрдө киргизип, өткөрүп койдуңар. Экинчи маселе, менин компьютеримден “макул” деген добушту басып коюпсуңар. Ким басса да жооп бериши керек. Мен туунун өзгөрүшүнө караманча каршымын. Кечээ да комитеттин жыйынына туунун авторлорун алып келген жоксуңар. Муну да алешемдик менен алдамчылык жол менен өткөрүп алдык. Бул эмне деген маскарапозчулук, көз боёмочулук, абийирсиздик. Эшиктеги элдин 90% буга каршы деп турат. Кулагыбыз укпай, кулагын асып жүрүп укпай, көздөрүн ачып жүрүп уктагандар биз болуп жатабыз”, - деди Самыйкожо.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин 66 депутаты колдогону менен туунун тагдырын парламент гана чечип койгонун айыптап, муну референдум жолу менен чечүү керектигин эскерткендер болду. Сегиз гана депутат каршы добуш берди.

“Желек деген биздики эмес, ар бир жарандыкы. Бул референдум аркылуу чечилиши керек эле. Бизге айтып жатканыңарды жалпы элге түшүндүрүп беришиңер керек. Жогорку Кеңеш мындай чечимди өз алдынча кабыл ала алмак эмеспиз, албашыбыз да керек болчу”, - деди депутат Эрулан Көкүлов.

Тууну өзгөртүүгө каршы экенин ачык айткан депутаттар бул маселе боюнча коомчулуктун пикири таптакыр башка экенин, жалпы элге маанилүү маселени парламент шашылыш кабыл алганы чекилик болот деп сындап жатышты.

Мыйзам долбоорунун авторлору тууну алмаштыруу дүйнөнүн башка өлкөлөрү да колдонгон тажрыйба экенин айтып, муну “трагедия кылбоого” чакырды.

Туунун эмнеси өзгөрдү?

Эми парламент биринчи окуудан кабыл алган туунун акыркы вариантына келели. Мында күндүн нуру түз чыгат. Ал эми түндүктүн чамгарактары үчөө эмес, төрткө көбөйгөн. Муну мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, парламент төрагасы Нурланбек Шакиев кыргызда "бардар жашаган үй-бүлөлөрдүн боз үйүнүн түндүгү төрт чамгарактуу болгон" деп түшүндүрдү.

Алгач мыйзам долбоорунун авторлору азыркы туунун нурларын гана түз кылып өзгөртүшкөн. Кийин президент Жапаровдун "Кабарга" берген маегинде анын "жеткире иштелип чыккан" варианты жарыяланган. Анда нурлар өзүнчө бөлүнүп, түндүктөгү чамгарактар төртөө болуп калганын көрүүгө болот.

Жаңы сунушталып жаткан дизайнды сындагандар да бар. Бренд адиси Төлөбек Нурдинов Фейсбуктагы баракчасына туунун жаңы сунушталып жаткан вариантынын "өмүрү кыска болорун" айтып, өзүнүн талдоосу менен бөлүшкөн.

Анда жаңы сунушта элементтер көп экенин, мындай учурда аны бир стандартка салуу татаалдаша турганын, тууну чоң жана кичине көлөмдө колдонууда так көрүнбөй калышы мүмкүн экенин жазган.

"Азыр технология мезгилинде логотиптер кичинекей размерде веб-сайттарда, мобилдик тиркемелерде колдонулат. Өтө ичке линиялар кичинекей колдонууда элести так бербей, таанылбай калат. Ичке линиялар менен калыңдардын ортосунда байланыш болушу керек, ошондо бир бүтүндүктү кармайт. Жаңы дизайнда болсо ар бир элемент өзүнчө музыкага бийлеп жатат. Пропорцияларды туура кармануу менен гармония, бүтүндүктү тапса болот. Математика жана искусстводо алтын кесилиш (golden section) деген пропорция мыйзамы бар. Муну математикалык тактык менен да, дизайнердин көзү менен да жасаса болот".

"Символдорду алмаштыруу - оору"

Ошентип парламент тууну 1992-жылы кабыл алынгандан бери биринчи жолу өзгөртүүгө ылдам киришти. Бул мамлекеттик символдун өзгөрүүсүн президент Садыр Жапаров да колдой турганын айтып, азыркы тууну “күн карамага окшоштургандар бар экенин” белгилеген. Анын артынан көп өтпөй УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев да ушундай эле позициясын билдирген.

“Легендарлуу парламенттин” депутаты Жамин Акималиев Жогорку Кеңештин бардык эле чакырылышында мамлекеттик символдорду өзгөртүү “оорусу” болуп келгенин айтууда. Ал улам кайталанган мындай аракетти “саясий пиар” деп мүнөздөдү.

“Легендарлуу парламент” үч символду тең кызыл чеке болуп талашып жатып, элдин кызыкчылыгын эске алып кабыл алганбыз. Символдорду эмес, башкасын деле алмаштыралы дегендер толуп жатат. Бирок ушунчалык азап-тозок менен кабыл алынган тууну алмаштырыштын эч кереги жок. Бул кызыктай оюн болуп жатат. Туудагы күндүн нурун түз кылалы деген сунуш ошондо эле айтылган. Ошол кезде чыгармачыл кишилер Төлөгөн Касымбеков, Болот Шамшиев, Камбаралы Бобулов, Жалил Садыковдор күндүн нурунун түз чыгышына каршы болуп, ал жалбырттап, желбиреп турушу керек дешкен. Ошон үчүн бул маселени өз жайына коюп, өлкөнүн алдында турган экономикалык-социалдык маселелерди чечүү керек. Мен кээде мындай сунуштар элди алаксытуу үчүн берилеби деп ойлоп калам. Парламенттин күчүн, бийликтин мүмкүнчүлүгүн элдин турмушун оңдоого, кымбатчылык менен күрөшүүгө жана өлкөнү өнүктүрүүгө арнабайлыбы?”.

Тууну өзгөртүү демилгеси Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде жана жалпы жыйынында каралган учурда башка символдорду карап чыгуу боюнча да сунуштар берилди. Алсак, мыйзамдын авторлорунун бири Примов гербдеги пахтаны өзгөртүү боюнча кат түрүндө сунуш берилгенин айтса, дагы бир депутат Динара Ашимова “талкуу өткөрүп, гимнди да өзгөртүү маселесин кароо керектигин” айтты.

Психолог Малаке Кыдырали мындай демилгелер тууралуу өз ою менен бөлүштү:

“Дүйнөдө адам өнүккөн сайын материалдык ой жүгүртүүдөн абстрактуу ой жүгүртүүгө өтө баштайт. Материалдык ой жүгүрткөн адамдар китеп окубайт, поэзияга же чыгармачылыкка кызыкпайт. Ал байыган сайын унаасын чоңойтуп, үйүн жаңылап, тышкы материалдык нерселерге кызыга берет. Алар үчүн баюу ушундай деп кабылданат. Ал эми абстрактуу ой жүгүрткөн адам буларга өзгөчө артыкчылык бербейт. Чыгармачылыкка кызыгып, дүйнө таануусу, кабыл алуусу башкача болот. Бийликтеги адамдарда ушундай кубулуштар болот. Мисалы, материалдык ой жүгүрткөн саясатчы чоң болууну катар жол тандабастарды айдап, толтура жан сакчылардын коштоосунда жүрүп, элден алыс болуп, чоң, кооз ак үй салуу сыяктуу иштерди өнүгүү деп ойлошот. Өзүнө ишенимдин жоктугун ушул сыяктуу иштер менен жапканга аракет кылышат. Ал эми абстрактуу ой жүгүрткөндөр бул сыяктуу иштердин мааниси жок экенин түшүнүшөт. Алар үчүн элдин социалдык абалынын жакшырышы, билим деңгээли, сот системасы сыяктуу факторлор маанилүү. Бул өзүнө болгон ишенимге же өзүнө болгон төмөн баага байланышкан маселе”.

Тууну өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөндөн кийин коомчулукта кызуу талкуу жүрүп, көпчүлүгү символдун өзгөрүшүнө каршы экенин билдирип, социалдык тармактарда ар кандай талаш-талкуулар жүргөн.

XS
SM
MD
LG