Токтогул ГЭСинде жоокердин өлүмүнө шектүү табыла элек

Кара-Көл шаары.

Токтогул ГЭСин кайтарган жоокерди атууга шек саналган экинчи жоокер табыла элек. Бул тууралуу 21-ноябрда “Азаттыкка” Кара-Көл шаарынын мэринин биринчи орун басары Эдилбек Тажимырзаев билдирди.

“Издөө иштери жүрүп жатат. Шаардын эки жагына посттор коюлган. Бул жакта Ички иштер министрлигинин кызматкерлери да иштеп жатат. Кошумча күчтөр да тартылган”, - деди Тажимырзаев.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, 20-ноябрда таңга маал Токтогул ГЭСин кайтарган жоокерди аны менен кошо нөөмөттө турган экинчи жоокер атып алып, куралын жашырып, өзү качып кеткен. Алган жараатынан улам ок жеген жоокер ошол жерде көз жумган.

Каза болгон жоокер 20 жашта болгон.

Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин өлүмү утур-утур катталып турат. Буга чейин 8-ноябрда Баткен районунда келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн чек арачы спорттук иш-чарада оор жараат алып каза болгон.

21-февралда Баткен облусунун аймагындагы чек ара бекетинде 26 жаштагы чек арачы өзүнүн 21 жаштагы кызматташын атып алганын Чек ара кызматы кабарлаган.

Дагы караңыз

ХАМАС Израил менен ок атышууну токтотуу келишимине "жакындашканын" жарыялады Аба ырайы: айрым аймактарда жаан, тоолордо кар жаайтКыргызстан быйыл тышкы карыздын 360 миллион долларын төлөдү"Ак-Тилек" бекетинде тыгында оор жүк ташуучу 510 машина турат