Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:19

"Ак-Тилек" бекетинде тыгында оор жүк ташуучу 510 машина турат


Кыргыз-казак чек арасы. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасы. Архивдик сүрөт.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу машиналардын тыгыны тарай элек. Бүгүн 21-ноябрдын саат 13:00үнө карата Казакстан тарапка чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 510 жүк ташуучу унаа кезекте турганын Чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мамлекеттик чек ара тилкесиндеги бардык өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат, кыргыз тараптан да, казак тараптан да жүк ташуучу транспорт каражаттарына эч кандай чектөө жок.

“Өткөн суткада кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесин 555 транспорт каражаты өттү, анын ичинен Кыргызстандан Казакстанга 273 автоунаа чыгып, 282 унаа кирди”, - деп билдирди Чек ара кызматы.

Кыргыз-казак чек арасындагы оор жүк ташуучу автомашиналардын тыгыны боюнча маселе буга чейин бир нече жолу Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

Кыргызстандан Казакстанга, андан ары Орусияга негизинен айыл чарба продукциясын ташышат.

Чек ара кызматы азыркы тыгынды Кыргызстанда түшүм жыйналып, экспортко жөнөтүлүп жатканына байланыштуу сезондук көрүнүш деп атоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG