Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:43

Кыргызстан быйыл тышкы карыздын 360 миллион долларын төлөдү


Кыргызстан 2023-жылы тышкы карыздын 360 млн долларын төлөдү. Бул маалыматты министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 20-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди. Өкмөт башчы келерки жылдын бюджети каралган жыйында мамлекеттик казынадагы акчаны үнөмдөө зарылдыгын эскертти.

"Быйыл 360 млн доллар гана төлөдүк. Келерки жылы 470 млн долларды нак төлөп беришибиз керек. 2025-жылы 532 млн доллар төлөөгө тийишпиз. Ал жакта да чыгашаларыбыз өсүп жатат. Алыбыздан келишинче берип жатабыз. Бизде 212 миң жакыр үй-бүлө бар. Жетим-жесир, колунда жокторго каралашууга даярбыз".

Акылбек Жапаров тышкы карыз кайсы өлкөгө же кайсы каржы уюмуна төлөнгөнүн ачыктаган жок.

Финансы министрлигинин маалыматына караганда, быйыл 30-сентябрга карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызынын көлөмү 5 млрд 987 млн долларга жетти. Мунун 4 млрд 486 млн доллары тышкы карыз, 1,5 млрд доллары ички карыз.

Мамлекеттик карыздын жалпы көлөмү июнь айынан бери 364 млн долларга өскөн.

Кыргызстан тышкы карызды төлөө үчүн быйылкы тогуз айда 22,5 млрд сом сарптады.

Кыргызстандын карызынын көп бөлүгү Кытайга тиешелүү, 1 млрд 734,58 млн долларды Бээжинге төлөп бериши керек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG