Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:50

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан, тоолордо кар жаайт


21-ноябрдагы жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

22-ноябрда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын жок. Күндүн экинчи жарымында Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 8…13,

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 18…20° болот.

XS
SM
MD
LG